Бүгүн, 4-июлда Иран Ислам республикасынын Улуттук кызыл ай коому Кыргызстандын суранычы боюнча 100 чатыр жана 400 жууркан жардамга берди. Бул тууралу Кыргызстандын Улуттук кызыл ай коомунун басма сөз кызматы билдирди.
Жакында эле Чоң-Алай районунда болуп өткөн жер титирөөдөн улам көп үй-бүлөлөр баш калкалар жайы жок калышкан. КР ӨКМ жапа чеккендерди убактылуу таар чатырларга көчүрүп чыккан.
Ал эми Кыргызстандын Улуттук кызыл ай коому таар чатырлар жетишпей жаткандарга кошумча жардам көрсөтүү максатында өзүнүн өнөктөштөрүнө жардам сурап кайрылган. Натыйжада бүгүн Иран Ислам республикасынын Кыргызстандагы элчиси Али Моджтаб Рузбеханинин катышуусунда Кыргызстанга 100 таар чатыр, 400 жууркан өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ