Түштүк Казакстан облусундагы Өзбекстандын Мактаарал району менен чектеш эки өткөрмө бекети кайрадан иштей баштады. Эки өлкөнүн бажы органдары кабарлагандай, дагы бир канча пост күнү-түнү иштөө режимине өтөт.
2008-жылы жабылган “Сырдарья” жана “Целинный” бекеттери кайрадан иштей баштады. Казакстан бийлиги мамлекеттик чек арадагы өткөрмө бекеттери тууралуу келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү ратификациялаганын билдирди. Өкмөттөр аралык келишимге 2006-жылы кол коюлган.
Өзгөртүүлөргө ылайык, Бейнеу станциясындагы темир жол өткөрмө бекети Оазис станциясына которулат. “Капланбе”, “Казыгурт” жана “Атамекен” автомобилдик өткөрмө бекеттери күнү-түнү иштөө тартибине өтөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ