Тажикстан ИИМи “Корвон” базарындагы өрт учурунда мародерлук менен алектенген топту кармаганын жарыялады.
Маалыматтарга караганда, 10 кишиден турган топ ызы-чуудан пайдаланып, күйбөй аман калган дүкөндөрдөгү мүлктөрдү алып кетүүгө аракет жасашкан. Талоончулукка шектелгендер кармалды. Эгер алардын күнөөлөрү далилденсе, кылмыш иши козголот.
2-июлда “Корвон” базарында чыккан өрттөн 25 дүкөн жана 260 соода түйүнү күйүп кеткен.
Кырсык болгон жерге 28 өрт өчүрүүчү унаа, ички иштер органдарынын жеке курамынын 2000дей кызматкери тартылган. Өрт 480 чарчы метр жерди каптаган.
Алдын ала маалыматтар боюнча кырсык электр зымдарынын биригүүсүнөн келип чыккан. Курман болгондор жана жабыркагандар жок.
Дүйшөмбү шаарынын мэри Рустами Эмомали 3-июлда “Корвон” базарынын соодагерлери менен жолуккан. Ал тиешелүү инстанцияларга өрттөн жабыр тарткандарды эки жыл ижара акысынан бошотууну тапшырган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ