Menu

Нурболот Үсөнбаев: “Жеке менчик лаборатория коронавируска тапшырган тесттердин жарымын акысыз текшерет”

Бөлүшүү:

Жеке менчик лабораторияларды коронавируска тесттерди текшерүү үчүн ишке тартканыбыздын себеби, лабораториялык тастыктоолорго келген анализдер көбөйгөнүнө байланыштуу. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, биринчи жардамды Кытайдан келген жабдууларды жана реагенттерди сатып алган Бонецкий лабораториясы жардамды сунуш кылган.

“Алар мамлекеттик лабораториянын базасында жайгашып, иш баштап жаткан кези. Мамлекеттик лабораториялар аларга режимди сактоого мүмкүндүк берет. Туура режим шартында иштебесе, инфекцияны жугузуп алуу коркунучун алып келиши мүмкүн. Жугуу потенциалы күчтүү вирус болгондуктан, жеке менчик лабораториялар режимди, шарттарды камсыздоосу кыйынга турат. Ошон үчүн Бонецкий лабораториясы биринчи өзү кайрылды, биз чогуу иш алып барганга макулдук берип, бүгүнкү күндө алардын мүмкүнчүлүгүн биздин муктаждыктарга салып иштеткенге аракет кылып жатабыз” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
“Тест-системалар, башка бардык жабдуулар лабораториянын эсебинен сатып алган. Биз мамлекеттин эсебинен бир дагы тыйын короткон жокпуз, бергенге дагы өзүбүздүн дагы шартыбыз жок. Анткени, биз өзүбүзгө тийиштүү калкты лабораториялык тестирлөөдөн өткөзүүдө гуманитардык жардам катары келгендерди жана өкмөт бөлүп берген акча каражаттарга жабдууларды сатып алып, ишти алып барып жатабыз. Анткени ооруп калгандар бар, алар менен байланышта болгондор бар жана башка категориядагы байланышта болгондорду тастыктап, текшерип турушубуз керек”- деп кошумчалады Нурболот Үсөнбаев.
Министрдин орун басары жеке менчик лабораторияларды ишке тартуунун зарылдыгы жөнүндө айтып берди.
“Бизге ири компаниялардан жана жарандардан коронавируска тест тапшыруу үчүн көптөгөн кайрылуулар болгон. Алар акчасын төлөйбүз, бизди текшергиле дешкен. Тилекке каршы, биз аларды ишке ашыра албай келгенбиз. Азыр жеке компания менен түзүлгөн келишимдин негизинде биз аларды тесттен өткөрүп, жыйынтыгын алышына шарт түзүп жатабыз.. Лабораториялык тестирлөө дагы кымбатка турат. Буга атайын параметрлер бар, коронавируска чалдыккан адамдар менен тыгыз байланышта болсо, же тобокелчилик топторго кирип калган болсо, ошондо гана текшеребиз. А үйүндө отуруп, жөн эле шек санагандарды дабораториялык тестирлөөдөн өткөрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз чектелген” – деп айтты Нурболот Үсөнбаев.
“Эгер алар өзүбүздүн жарандарга жалпы 5000 анализ жүргүзө турган болсо, 2500 анализди акысыз жүргүзүшөт. Саламаттык сактоо министрлиги меке менчик лабораторияга аксыз тестирлөөдөн өтө тургандардын категорияларын белгилеп беребиз. Алар тестирлөөлөрдү жүргүзүп, бизге отчёт берип турушат” – деп кошумчалады Нурболот Үсөнбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: