Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков тегерек столдо энегретиктерге тариф саясатын талкуулоону тапшырды. «Кылдат мамиле кылбасак, өлкөнүн энергетика тармагын көтөрө албайбыз. Электр энергиянын баасын көтөрүү үчүн элдин айлык акысын, социалдык төлөмдөрдү да жогорулатуу керек. Убакыт абдан тартыш», -деди ал.
Тарых көрсөткөндөй, шайлоолор алдында мындай жүзүкара эксперименттер эч качан жакшылык алып келген эмес.
Анын үстүнө, 2010-жылы эл эмнеге Бакиев режимин кулатканын эстен чыгарбоо зарыл. “Эртең премьер-министр болот”-деп аткан Сапар ишин тарифти жогорулатуудан баштай турган болсо, бул кызматында көпкө олтура албайт го. Нааразычылыктын айынан бийликти шайлоого чейин тапшырып жүрүшпөсүн?!
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ