Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июлда, жумушчу сапары менен Чүй облусуна барат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Жумушчу сапарынын алкагында Өкмөт башчы «Кара-Балта -Бишкек» (42 километр) авто жол тилкесиндеги курулуш иштерин жүрүшү жана Чүй облусунун Панфилов районундагы «Каинды-Кант» ААК ишмердүүлүгү менен таанышат.
Премьер-министр кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Чалдовар-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгүн көрүп чыгат.
Ошондой эле Премьер-министр жумушчу сапарынын алкагында Сосновка орто мектебинин, Жайыл районундагы орто мектептин жана Панфилов районунун Букара айылындагы Текеев орто мектебинин курулушунун жүрүшү менен таанышат.
Аны менен бирге Өкмөт башчы Кара-Балта шаарындагы айнек чыгаруучу ишкана «Два союза» ААК барат жана Чүй облусундагы бир катар объектилердин абалы менен таанышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ