30-июнда Ноокат шаарына жаңы мэр шайланды. Бул орунга КСДП партиясынан Жоомарт Нурдинов, ал эми “Республика – Ата Журт” партиясынан Бактыбек Мадмаров ат салышты.
Добуш берүүгө Ноокат шаардык Кеңешинин 21 депутатынын ичинен 20сы катышып, баары тең Жоомарт Нурдиновду бир добуштан кубатташты.
Айтмакчы, Жоомарт Нурдинов буга дейре Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментин жетектеген.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ