Ушул жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Аалам” эс алуу жайында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин отуруму болду. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Отурумда Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Мыкты Ардагерлер кеңеши” сынагынын бөлүктөрүнө кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин гимнинин мыкты сөзү менен обонуна жарыяланган сынак жөнүндө, ИИМдин имаратынын тушундагы Тыныстанов көчөсүндөгү коомдук кичинекей бакчанын ичине кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу үчүн баатырлардын Данк эстелигин орнотууну таалкуулашты.
Отурумду Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев ачты. Ардагерлер кеңешинин жетекчиси чогулуштун катышуучуларын ардагерлер уюмунун 2017-жылдын биринчи жарым жылдык ишинин жыйынтыгы менен тааныштырды.
Кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда курман болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин туугандарына жардам көрсөтүүгө байланышкан иш-чаралардан сырткары, мисал катары ИИМдин мекемесине карама-каршы турган Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан коомдук бакчага баатырлардын Данк эстелиги орнотула турганын айта кетти.
Жолугушунун аягында Султан Жоошбаев ИИМдин жетекчилиги менен өздүк курамдын атынан ардагерлерге милиция кызматкерлеринин жашоосуна активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылыгын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ