Menu

Азимбек Бекназаров, революционер: “Акаев, Бакиевге колдонгон ыкмалар менен бүгүнкү системаны сындырабыз”

Бөлүшүү:

– Азимбек мырза, сиз да президенттик таймашка катышасызбы

– Бир нече оппозициялык көз караштагы саясый күчтөр бийликтин курултайы өткөндөн кийин эртеси жыйын өткөрүп, өзүбүздүн талапкерди алып чыгабыз.

– Кеп жеке сиз жөнүндө болуп атат. Сиз өзүңүз талапкерлигиңизди коёсузбу?

– Эми көрөбүз да… Мен айта албайм. Курултай кимди көрсөтсө, ошол киши күрөшкө чыгат. Мүмкүн экөө, мүмкүн үчөө болоор. Бирок, оппозициялык блок шайлоого сөзсүз катышабыз. Биз Бакиевди кантип алып келдик эле? Кыргызстан элдик оппозициялык кыймылынын атынан. Атамбаевди кантип алып келдик эле? Бириккен элдик кыймылдын атынан. Эми да элдик кыймыл кимди тандаса, биз ошону сүрөп чыгабыз. Бизде «тиги-бул» деген болбойт. Анткени, биз үчүн бүгүнкү системаны сындырган маанилүү. Акаев, Бакиев менен кандай күрөшкөн болсок, ошол ыкмаларды колдонобуз. Анткени, ошол эле заман болуп атат. Биз эртеби кечпи сөзсүз максатыбызга жетишебиз.

– Саясый турмушта сиздин пассивдүү болуп кеткениңиздин себеби эмнеде?

– Пассивдешкен жокмун. Между гана прочим, эң активдүү менмин. А масс-медиа силер пулдашып кеткенсиңер. Пул төлөбөгөндөрдү чыгарбайсыңар. Мага окшоп ким оппозициялык блоктун курултайын өткөрүп жатат? Ким Үркүнгө байланыштуу иш-чараны өткөрдү? Ким азыркы бийликти «авторитардык режим болуп калды» деп айтып атат? Жок да! Анан мен каяктан пассивдүү болом?

P.S. Башка ММКлар боюнча жооп бере албайбыз, бирок, биз (Азия Ньюс гезити) маал-маалы менен Бекназаровго интервьюга чыгып турабыз. Кээде өзүнүн популизми боюнча сөз айтса, а айрым учурда бийликке каршы кайратынан жанып, жеке кызыкчылыгына карай тандоо жүргүзөт. Маек берүүдөн баш тартып. Анан эми кайсы пулдашкан масс-медиага догун артууда ?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: