Кыргыздын күчтүү мырзасы болуу үчүн ички дүйнөң кенен, анан өзөктүү болушуң керек. Эл ичинде мындай азаматтарыбыз саналуу гана, маселен, алардын бири экс-министр Зарылбек Рысалиев. Каарманыбыз эң оболу өзүнүн багытындагы профессионал адис. Кыргызстандагы эң күчтүү жана талантгуу оперлердин атасы. Убагында милициянын ичинен топ жарып, Рысбек Акматбаевге даап, беттешүүгө барганы эл оозунда айтылып жүрөт. Заке криминалдар менен кармашканда көйнөгүнүн жакасын бошотуп, жеңин түрүп, күбөлүгун таштын үстүнө коюп, эркекче мушташканы да кийинки муундун ичинде тамшануу жаратат. Мына ушундай кызыктуу адамга кайрылып, алдыдагы аламанда кимди колдой турганын сурасак, азырынча бир чечимге келе элек экен. Рысалиев ак эткенден так этип, мамлекет башына «пул үчүн өлгөндөрдүн» келишине караманча каршылыгын көрсөттү. Эгер банк иштеткен суткорлордун бирөөсү келсе эле Кыргызстаныбыз ойрондолуп, келечеги коркунучка кептелерин да жашырбады. Азырынча кыраакы генерал бир да талапкерди колдоп, толук кандуу чечимине келе элек экен. Бул жаатта кызыктуу кептер али алдыда…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ