22-октябрда Ташкентте 150 аймактык милиция кызматкери салтанаттуу түрдө ант берип, аларга автоунаалар менен батирлердин ачкычтары тапшырылды. Сентябрда 150 милиционер мамлекеттен батирлерди жана унааларды алган.
Өзбекстан ИИМинин маалыматына караганда, кызматтык батирлер менен унаалар президент Шавкат Мирзиёевдин 2017-жылдын 20-апрелиндеги токтомунун негизинде берилүүдө.
Аталган токтомго ылайык, базардан сатып алынган жана мамлекеттин карамагына өткөн батирлердин эсебинен тартип сакчыларын үй менен камсыздоо каралган.
Өзбекстан ИИМинин басма сөз кызматы ушул жылдын соңуна чейин 537 аймактык милиция кызматкери кызматтык батир аларын билдирди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ