Menu

Фото – Кыргызстан 2019-2023-жылдарга тарыхта биринчи жолу ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешинин курамына шайланды

Бөлүшүү:

Кыргызстан тарыхта биринчи жолу ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешинин курамына – Уюмдун жетектөөчү органына шайланды. Тийешелүү чечим кечээ, 20-ноябрда Парижде Уюмдун Башкы конференциясынын 40-сессиясында добуш берүүнүн жүрүшүндө кабыл алынды. Учурдагы сессиянын ишине КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган КР делегациясы катышты. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, 2019-2020-жылдарга ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешине өз талапкерлигин койгон Азиялык-Тынчокеандык регионундагы мамлекеттердин ичинен Кыргызстан экинчи орунду ээлегендигин белгилеп кетүү зарыл. Добуш берүүгө катышкан 180 өлкөнүн ичинен 157 өлкө Кыргыз Республикасы үчүн өз добуштарын беришти.

Шайлоо кампаниясынын алкагында КР делегациясы тарабынан расмий сый-тамак уюштурулуп, ага ЮНЕСКОго мүчө-өлкөлөрдүн делегацияларынын башчылары менен өкүлдөрү катышты. Ошондой эле «Устат-Шакирт» фольклордук-этнографиялык ансамблинин концерти жана КРнын ЮНЕСКОнун алкагындагы ишмердүүлүгү жөнүндө сүрөт көргөзмө уюштурулду.

Маалымат үчүн: ЮНЕСКОго 1992-жылы мүчө болгон учурдан баштап Кыргызстан Уюмдун алкагында активдүү ишмердүүлүктү жүргүзүп келет: 2012-жылдан 2016-жылга чейин КР ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасты коргоо боюнча Өкмөттөр аралык Комитетинин мүчөсү болуп шайланып келген, ал эми 2017-жылдан баштап өлкөбүз ошондой эле ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас комитетинин жана ЮНЕСКОнун Коммуникацияны өнүктүрүү Эл аралык программасынын Өкмөттөр аралык Кеңешинин мүчөсү болуп саналат.

ЮНЕСКО – билим берүү, илим жана маданият маселелери менен иштеген БУУнун адистештирилген мекемеси. ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңеши Уюмдун жетектөөчү органы болуп саналат, ал 4 жылдык мөөнөткө шайлануучу 58 мүчө-мамлекеттерден турат.

ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк маданият жана жаратылыш мурасынын тизмесине Кыргызстандан төмөнкүлөр киргизилген:
* Сулайман – Тоо – 2009-ж.

* Жибек жолу: Тянь-Шань коридорунун каттамдар тармагы (Бурана, Ак-Бешим, Красная речка) – 2014-ж.

* Батыш Тянь-Шань (Сары-Челек, Падыша-Ата, Беш-Арал) – 2016-ж.
Учурда «Жибек жолу: Фергана-Сырдарыя коридору» Сериялуу трансулуттук номинациясын даярдоо боюнча Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен биргеликте иш жүрүп жатат.

ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын репрезентативдүү тизмесине Кыргызстандан төмөнкүлөр киргизилген:

* Акын өнөрү, кыргыз эпосторун айтуучулар – 2008-ж.
* Ала-Кийиз жана Шырдак, кыргыз салттуу кийиз килемдерин жасоо өнөрү – 2012-ж.
* Кыргыз эпикалык трилогиясы: Манас, Семетей, Сейтек – 2013-ж.
* «Көк-бөрү-улуттук ат оюну» – 2017

Көп улуттуу номинациялар:

* Кыргыз жана казак боз үйлөрүн (түрк көчмөн турак жайын) жасоодогу салттуу билимдер жана өнөрлөр– 2014-ж.

* Айтыш – импровизация өнөрү – 2015-ж.

* Нооруз – 2016-ж.

* Тандыр нан жасоо: Лаваш, Катырма, Жупка, Юфка – 2016-ж.

Учурда номинациялар тизмесине «Ак-калпак»ты киргизүү боюнча иш жүрүп жатат. Бул номинация ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасы Комитетинин алдыда боло турган сессиясынын жүрүшүндө каралат (9-14-декабрь, 2019-ж, Богота шаарында, Колумбия).

Добуш берүүнүн жыйынтыктары:

Батыш-европалык топ

Швейцария (175 добуш)
Италия (162 добуш)
Нидерланддар (159 добуш)
Германия (154 добуш)
Испания (150 добуш)
Франция (140 добуш)

Чыгыш-европалык топ

Венгрия (155 добуш)
Сербия (155 добуш)
Польша (152 добуш)
Россия Федерациясы (152 добуш)

Латын-америкалык топ

Доминикан Республикасы (161 добуш)
Уругвай (161 добуш)
Аргентина (153 добуш)
Бразилия (153 добуш)

Азиялык-Тынчокеандык топ

Корея Республикасы (158 добуш)
Кыргызстан (157 добуш)
Таиланд (156 добуш)
Пакистан (154 добуш)
Афганистан (147 добуш)
Мьянма (142 добуш)

Африкалык топ (А)

Гана (162 добуш)
Бенин (157 добуш)
Кения (157 добуш)
Сенегал (157 добуш)
Намибия (156 голосов)
Гвинея (148 добуш)
Того (148 добуш)
Конго Демократиялык Республикасы (145 добуш)

Африкалык топ (Б)

Сауд Аравиясы (113 добуш)
Бириккен Араб Эмираттары (107 добуш)
Тунис (103 добуш)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: