Menu

Арстанбек Алай: “Шайлоодо 4 миллиондон 8 миллион долларга чейин каражат чачууну максат кылдым”

Бөлүшүү:

Бу инсан таңгалаарлыктай жүрүштөрү аркылуу элдин көңүлүн өзүнө буруп турмайы бар. Маал-маалы менен. Анан калса, мындай катмардагы эл көзүндөгү агаларыбыздын президенттик шайлоо алдында «чымындары ойгоно» баштайт эмеспи. Коомчулук эрикпесин да.

– Арстан мырза, президенттикке кайрадан аттанып жаткан турбайсызбы? Талапкерлер үчүн күрөөгө коюлчу акчанын көлөмү көбөйгөнүн билесиз да. Сиз канча миллионду камдап туруп, аламанга аттанууну чечтиңиз? Дегеле бул жарыш үчүн канча каражатыңызды садага чапканы турасыз?

– Мен азыр 4 миллион долларымды нак камдап турам. Бирок, шарт-ыңгайга жараша 8 миллион долларга чейин каражатты ушул тапта чыгарып койгонго күчүм жетет. Ушунча каражат коротууну самап турам. Бирок, менин президенттикке аттанып жатканымдын чыныгы максаты кыйла каражат чачууда деле эмес. Өзүңөр билесиңер, бүгүнкү күндөгү бийлик эгер туура саясат жүргүзүп, багыт көрсөткөн диндери туура болгон болсо, анда ар бир үйдө ата менен бала соттошпойт эле. Суицид деген балээ пайда болбой, өлүм-житим көбөйбөйт эле. Сирияга адамдар качпайт болчу. Эл ишенген адамдардын, башчыларыбыздын, депутаттардын ыркы кетмек эмес. Азыр карагылачы, үй-бүлөдө ырк кетип жатат. Мунун баары, албетте, туура эмес. Менин президенттикке баратканымдын себеби, азыр эволюция менен адамдын жаралуусунун бир доору бүттү. Кыргыз элинин жандүйнөсү ааламга жарактуу жөнөкөй болгондуктан, азыр жаңы доордо жашоо эрежелеринин жол-жобосу түшкөн. Мына ушундай көрүнүштү жеткирүү үчүн президенттикке талапкерлигимди коюп жатам. Азыр аалам жерге түштү, аба коюлду, инопланетяндардын белгилери бар да азыр. Адам абаны аргасыз дем алганда, андан адам өсө албай, чоң энергия болгондуктан алардын каалоосун аткара албай жатат. Жыйынтыгында адамды шишик, псих кылып, рак, кыскасы, адамдын денесин чиритип, кан менен айланган организмдин баарын өчүрүп, аң-сезимди паска түшүрүп, эмоцияга өткөрүп жатат. Мына ошол келечектин мыйзамын билген адам катары аламан жарышка аттандым.

– Жарыктык киши ай, мындай максат менен жарышта марага караандабай да каласыз да. Ушуну эмнеге түшүнбөйсүз ыя? Же эмне утушка ээ болгон жатасызбы?

– «Өтөмүн» деп таккесе кара күч менен айта албайм албетте. Бирок, мен айткан мыйзам эртедир-кечтир жыл айланабы, балким эки жылдан кийинби, баары бир аткарылат. Анан кыргыз өлкөсү биринчи бутка турат. Баягы Ленин дагы бир системаны киргизип, дүйнө көтөрүлгөн сыңары. Улуу маданият менен өнүгүү аркылуу кыргыз эли алгачкы ирет бутка турат. Анткени, кыргыз журтунун жандүйнөсү ошого жарактуу. Азыр биз ааламдык түшүнүккө өтүш керек болуп жатат. Кыргыздын кан-жанында азыркы депутаттар сымал жалган айтпаган улуулук сыпат бар да. Керек болсо кыргыздын ушундай сыпаты менен дүйнө түптөлөт. Бул боюнча атайын ааламдык сүрөттөр да бар. Менин эң негизги таянарым кыргыз журтунун касиети.

– Талапкерлер шайлоо жарышында бири шоу уюштурса, дагы бирлери акча таратып, айрымдары башкача ыкма аркылуу көпчүлүктүн добушун алуу үчүн ар кандай жолдор менен элди тартат эмеспи. Сиз бул жолу «Зима не будет» деген өңдүү өзгөчө таңгалаарлыктай жүрүшүңүз менен элди тартасызбы?

– Асманда Кудайдын унчукпас, кечиримдүү, ою менен башкарган, ойго салган сыпаты болот го? Ансыңарындай, мен оюм менен кыргыз журтун жаратып жатам. Мээрим төгүп, уурулуктан алыстатып, түштөр өзгөрүлүп, көңүлдөр көтөрүлүп, жакшылыктан үмүт пайда болот. Айрым телеканалдардан мен бир жылдык келишим менен атайын убакыт алгам. Ошол телеберүүм менен элчилик аркылуу элди ойготом. Мен аябай ишеничтемин, Акаевди, Бакиевди эл жаман дешкендери менен азыр ааламдык күчтөр ушул күндү көрсөтүшкөн. Андыктан, кыргыз башынан акаевдик, бакиевдик доорлорду көрүшпөсө ойгонушпайт эле. Жакында мен дүйнөгө пресс-конференция берем. АКШ табигатты, Россия адамзатты сактоо үчүн күрөшсө, кыргыз ааламды сактоо үчүн күрөшүш керек деген тейде азыр дүйнөлөшүү болору боюнча пресс-конференция бергенге аракет кылып жатам.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: