Menu

Спорт журналисттер өздүк майрамында чоң мелдеш кылды

Бөлүшүү:

-июль эл аралык спорт журналисттеринин күнү. Бул майрам 2015-жылга чейин КР спорт журналисттер федерация президенти Улугбек Салымбековдун демилгеси менен кызуу белгиленип, майрамдап келгенбиз. 2015-жылы Мамлекеттик жаштар иши дене тарбия жана спорт агенттиги 1-жолу спорт темасын чагылдырган журналисттердин башын кошуп спорттун үч түрүнөн (минифутбол, аркан тартыш, стол үстүндөгү теннис) мелдеш уюштуруп, аны кереметтүү Ысык-Көл жээгиндеги «Орион» пансионатынын базасында өткөргөн. Былтыр да бул спорттук иш-чара жакшы деңгээлде уюштурулуп, тогуз коргоол, аркан тартыш, минифутбол жана 50 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча жааттык жана жекече түрүнөн «тытышканбыз». Салтка айланып калган иш-чара быйыл да Кол жээгинде көнүп калган «Орион» пансионатынын базасында жана Чолпон-Ата шаарында ФОКто аркан тартыш, минифутбол, сууда сүзүү жана кол күрөш боюнча куч сынаштык.

Спорт журналист болгондон кийин кайсы гана спорттун түрү болбосун ичи-тышын, коён жатагына чейин билүү биздин милдет. Колдон келсе жонтериң менен сезмей-инче анын маңызьш жеткиликтүү баамдай албайсың да, жаза албайсың. Быйылкы спорттук мелдеш жалпы журналисттер үчүн күтүүсүз бодцу десем жаңылбайм. Жеке өзүм армрестлинг (кол күрөш) боюнча эзели күрөшүп көргөн эмесмин. «Башка түшсө байтал жорго» дегендей, салмак чени боюнча (80 кг) 6 атаандаш менен беттешке чыктым. Арасында бука моюн, буура сандуулар да болду. «Өзүвдү эр ойлосоң, бирөөнү шер ойло» дегендей, атаандаштары-ма сый мамиле кылып, ар бири менен эрежеден четке чы-кпай күрөш жүргүздүм. Жыйынтыгында финалга чыгьш, күмүш медалга арзьщым. Алтын медалды жана чемпион-дук наамды НБТнын спорт журналиста Тахир Гафуров та-тьпсгуу жеңип кетта. Күчтүүнү күчтүү экен деп ачык эле айтыш керек. Анткен менен сиздердин спорт кабарчьщар бужолку иш-чарада 1 алтын, 2 күмүш, 2 коло медалдарды татыктуу жеңип кайтты. Аркан тартыпгган биздин «Зам-бирек» командабызга эч ким туруштук бере алган жок. Калган үч команданы жөн эле «уйпалап» койдук. Мини-футбол боюнча күмүш медалды багынтсак болмок экен.
Командабызда мыкты топ тепкичтер деле бар болчу. Алар бири-бири менен эриш-аркак оюн алпаргандын ордуна топ тийсе эле алдап өтүү ыкмаларына кызыгьга, жыйынтыгында натыйжасыз оюнга өтүү менен эки командага катары менен утулдук, үчүнчү команданы жеңип 3-орун-ду камсыздадык. Сууда сүзүүдө 6 адамдын ичинен 3-орун-ду жеңип алдым. Ал эми жалпы командалык эсеп боюнча биздин «Замбирек» командабыз күмүш медалга арзыдык. 3-республикалык спорт журналисттер арасындагы мел-дешке ЗОдан ашуун кесиптештер катышты. Анын арасында Баткен жана Нарын обдусунун жергиликтүү ЖМК өкүлдөрүболушту. «Фортуна даң-даң», «Замбирек», «Барс» жана «Форвард» командаларына бөлүнүп, ар бир жаатта 6 эркек, 1 кыз болду. Учурдан пайдаланып, жьш сайын спорт журналисттердин башын кошуп чоң мелдеш уюштуруп, чоң майрам тартуулап, Кол жээгине эс алдырып аткан Мамлекеттик жаштар иши дене тарбия жана спорт агент-тигине терең ыраазычылыкты жеке өзүмдүн атыман бил-дирип коюну эп көрүп турам. Эске сала кетсек, быйылкы спорттук иш-чарага 527 миц сом карашыптыр. Мындан сырткары, КР спорт журналисттер федерациясы спорттук кийимдер менен камсыз кылды. Шаардык спорт комитета акчалай сыйлык берди. Бир сөз менен айтканда, майрам өтөөсүнө жетта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: