“Баарыңыздар эле көрүп-билип турасыздар, президенттикке талапкер болуп чыккандардын бири “мени Кремль колдойт” деген фейк жаңылыктарды массалык маалымат каражаттары аркылуу таркатып жатат”, – деп билдирди бүгүн, 6-июлда КР УКМКнын ветераны Таалайбек Жумадылов Бишкекте өткөн “Президенттик шайлоону ММКларда чагылдыруунун актуалдуу маселелери” аттуу форумда.
“Сариев! Сариев! Сариев!” – деп залдагылар жабалактап үн кошушту.
“Ооба, Темир Сариев, бирок мен атайын кызматтын ветераны катары айтып койоюн, Кремль эч качан өзү колдогон талапкер тууралу мындай маалыматтардын таралышына жол бербейт. Атайын кызматтар минтип одоно иштешпейт. Кремль мындай формада колдобойт. Бул Сариев тарабынан атайын таратылып жаткан фейк жаңылыктар. Ошондуктан Кыргызстандагы ММКлар президенттик шайлоону чагылдырууда фейк жаңылыктар менен реалдуу жаңылыктарды айрымалай билиши керек”, – деди УКМКнын ветераны Таалайбек Жумадылов.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ