Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков Дүйшөмбү шаарында «CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн саммитине катышты

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков  кечээ, 6-июлда, Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында «CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн саммитине катышты. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

CASA-1000» энергетикалык долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн саммитине катышуунун алкагында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Гани жана Тажикистан Республикасынын  Президенти  Эмомали Рахмон менен эки тараптуу жолугушуусу болду.

Ошондой эле Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков айыл чарба продуктуларынын көргөзмөсүн барып көрдү.

«CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн саммитинде Кыргыз Республикасынын  делегация курамында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Өзгөчө жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Мирослав Ниязов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык иштер бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жана «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев катышышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: