Учурда президенттик шайлоого чыгам дегендердин арасынан Темир Сариев гана ары-бери чапкылап жаны тынбай эле. Муну менен өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүүгө, эл үчүн баарына даяр экенин далилдөөгө далалат жасап жатат. Акыркы жумада эле Нарын, Ысык-Көл, Таласты чарк айланып үлгүрдү. Коомчулук болсо «чабал өрдөк эрте учат» деген ушул, үгүт иштери расмий башталганча эле шайы ооп калат го мындай текирең-таскак менен дешүүдө. Ал ортодо Сокулукта күнүнө 1 жарым миллион киреше алып келип жаткан кирпич заводу экологияны талкалап жатканы Экотехинспекция тарабынан ачыкка чыгып, Сариев ишти жең ичинен бүтүрүүгө катуу аракет көрүп жатыптыр. Албетте, киреше булагынан айрылып калбаш үчүн бери Экотехинспециянын жетекчиси Канат Муратбековдун көңүлүн табуу аракетин көрөт да. Канат пара алгандан алыс жигит эле, эми эмне болоор экен?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ