Menu

Феминисттер мечиттин жанында акция өткөрүштү

Бөлүшүү:

Бишкекте активист кыз-келиндер тобу “Бизге кантип кийинүү керектигин үйрөтпөгүлө” деген ураан менен акция өткөрүштү.

Борбордук мечиттин жанында уюштурулган акцияга чыккан феминисттер кийим тандоо ар бир жарандын өз укугу экенин жана эч ким башка бирөөгө талап коюп, мазактай албасын айтуу үчүн чыкканын билдиришти.

Муну менен алар Кыргызстан светтик мамлекет экенин эскертип, кыздарды чүмкөнүп кийүүгө мажбурлаганга эч кимдин укугу жок деп белгилешти.

5-июлда мектепти мыкты аяктаган улан-кыздар менен жолугушууда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “дин менен араб тили, маданияты эки башка нерсе” экенин айткан болчу.

Бүгүнкү акциянын уюштуруучулары буга чейин эркин кийинип жүргөнүнө байланыштуу орой мамилеге кабылганын айтышкан.

Акция тынч өттү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: