Menu

Шайлоо фондуна төгүлчү 1 миллион сомду кайдан таап бересиз?

Бөлүшүү:

Быйыл күздө болчу президенттик шайлоого талапкер болгондордун саны барган сайын арбып баратат. Алардын арасында капчыгы калың байлар да, каражаты жок “дымактуулар да арбын. Бүгүнкү саныбызда биз ушул күнгө чейин талапкер катары БШКга арыз берген, каражаты чектелүү инсандарга “шайлоо фондуна төгө турчу 1 миллион сомду кайдан табасыз?..”деген суроо менен кайрылдык, алар төмөнкүчө жооп беришти…

Турсунбек Акун, президенттикке талапкер:

-“Дордой” базары тарапта эки кабат үйүм бар. Башкалардыкы сыяктуу эки-үч үйүм жок. Ошол жашап жаткан жалгыз үйүмдү KICB банкына күрөөгө коюп, 17 миң доллар насыя алдым, анын 14 миң долларын шайлоо фондуна төксөм, калган үч миң доллар менен эл кыдырып, үгүт иштерин жүргүзөм го деп ойлоп жатам. Кан кудам “Кошумча катары бир жылкы берейин” – деди. Айылдаштарым да “Колубуздан келген жардамыбызды аябайбыз” – деп жатышат. Бирок жеңеңерден тил угуп жатам. Ал: “Үйүбүздү банкка алдырып жиберебизби” – деп чочулап жатат. Турсунбек байкеңерди билесиңер да. Эч нерседен тайманбайт, беттегенин бербейт, андыктан “акчам жок” деп талапкер болбой калсам болбой калат го…

Сагынбек Абдрахманов, президенттикке талапкер:

-Сагынбек байкеңерде кайдагы акча болмок эле. Бирок намыс үчүн бир миллион сомду табайын деп жатам. Үлүшкө тийген жерим бар, ошол жеримди сатам го… Беш пайыздан өтсөк, кайра төккөн акчаны кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү бар да. Эми беш пайыздан жогору добуш алаармын. Жеңеңер урушуп жатат: “Кыздар чоңойду, окутуш керек эле, акча жокто тынч эле отурсаң болмок” – деп.

Жамбыл Камчиев, куудул:

-Жакында мен дагы талапкер катары БШКга расмий арыз берем. Азыр арыз берүүгө даярданып жатам. Бирок шайлоо фондуна төгө турчу бир миллион сом эмес, чынын айтсам 1000 сомум жок. Элге кайрылып суранайын деп жатам, “бир сомдон болсо дагы чогултуп берсеңер, эгер силер колдоп, Кудай колдоп шайланып калсам, анда силердин акчаңарды миң эсе жогору кылып кайтарып берем” – деп. Эл мени жакшы көрөт, акчаларын аябай чогултуп беришээр деп ойлоп жатам.

Рита Карасартова, президенттикке талапкер:

-Күрөөгө коюла турган 1 млн. сомду мага жолдошум берди.“Калган каражатты өзүң таап, чогултушуң керек, артыңдан элди ээрчите албасаң, анда эмнеге президент болом деп жатасың” – деп жолдошум намысыма тийди.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: