Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы баяндады.
2017-жылдын 7-июль күнү саат 14:00 чамасында ЖКнын депутаты Өмүрбек Текебаевдин 25ге жакын тарапташтары мурда боз үй тигишип, митинг уюштуруу аркылуу Ош-Бишкек жолун тосууга аракет жасашкан.
Саат 15-30 чамасында 15 адамга жакын митингтин катышуучуларынын коомдук мүнөзүн чагылдыруу максатында көрсөтүлгөн жерге келген “Сентябрь” каналынын журналисттери Ош-Бишкек жолун тосуу чарасын көрүүүгө аракет жасашкан. Базар-Коргон районунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду тосууну токтотуу максатында, саат 16:30 чамасында түшүндүрүү ишинин натыйжасында катышуучулар боз үйлөрдү бөлүктөргө бөлүп, тарап кетишкен. Митингдин активдүү катышуучулары аныкталып, 6 жаран тартипти бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү боюнча (жолду мыйзамсыз буу) административдик протокол түзүлүп Базар-Коргон районунун Ички иштер башкармалыгынына жеткирилген. Андан соң, чогултулган материалдар административдик мүнөздөгү чара көрүү үчүн Базар-Коргон районунун сотуна жиберилди.
Базар-Коргон районунун соту Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекснин 231-беренесинин 1-бөлүгү боюнча (жолду мыйзамсыз буу) тартипти бузгандары үчүн 5 жарандын ар бирине 3000 сомдон айып салынды.
Азыркы убакта Жалал-Абад областында абал туруктуу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ