Кыргызстандын аймагынын 80 пайыздан ашыгына 9 баллдык жер титирөөлөр болушу мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ Кубатбек Боронов 17-июлда Коопсуздук кеңешинин жыйыны боюнча өкмөттө өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын баары, анын ичинде Бишкек шаары да сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкан:
– Бизде 8 баллдан ылдый жер титирөөлөрдүн болушу кадыресе көрүнүш. Мындайча айтканда, Кыргызстандын 80 пайыздан ашык аймагында 9 балл жана андан жогору жер титирөөлөр болушу ыктымал. Калган бөлүгүндө 7-8 балл, – деген Боронов жогорку баллдагы жер титирөөлөр качан болушу мүмкүн деген божомолдорду так айткан жок.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ