Menu

Видео – Алексей Навальныйдын ою боюнча кыргыздар өздөрүнүн шайлоо технологияларын Россияга экспорттоп жатабы?

Бөлүшүү:

29-март күнү Москвадагы “Эхо Москвы” радиосунун “Өзгөчө пикир” (“Особое мнение”) радиоберүүсүнө маек берген белгилүү оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Россиядагы кыргыз эмгек мигранттары тууралу кызык пикир айтты.
Кремлдин билермандары быйыл, 2019-жылдын сентябрында Москвада өтө турган Мосгордумага депутаттарды шайлоолорго кандай даярданып жаткандыгы тууралу кеп кылып жатып “Кремль шайлоолордо убактылуу каттоого турган мигранттарга да добуш берүү укугун мыйзамдаштырууга аракет кылып жатат. Алтургай Москвадагы 400.000. кыргыз эмгек мигрантына Россиянын жарандыгын берип, күзгө даярданууда. Ал кыргыздардын баары Москванын ЖКХ (турак-жай коммуналдык чарбалар) тармагында иштешет. Бийлик шайлоо учурунда кыргыздарды автобуска салып алып, шайлоо участкаларына ташып, бийликтин талапкерлерине добуш бердиргени жатат. Анткени бийликтин башка айласы калбады. Эгер шайлоо таза болсо, бийликтин, Кремлдин, Путиндин, “Единая Россиянын” талапкерлерине эч ким добуш бербейт. Путиндин, бийликтин эл арасындагы кадыр-баркы плинтустан да төмөндөп кетти. Аймактардагы шайлоолордо Путиндин талапкерлери өтпөй калып жатат. Мисалы, Хабаровск крайында, Хакасияда, Дальний Востокто жана башка жерлерде Путиндин талапкерлерин өткөрбөй коюшту. Хабаровск крайында шайлоону уттуруп койгону үчүн болбогон шылтоо менен губернатор Ивашевди камакка алышты. Муну менен Кремль башка губернаторлорго да “эгер шайлоону уттурсаңар силер да ушундай жазага кириптер болосуңар” деп кыйытып жатат”, деп айыптады Алексей Навальный.
Алексей Навальный биздин кыргыздар шайлоолордо пайдаланган мыйзамсыз “Карусель” шайлоо технологиясына (шайлоочуларды автобуска салып алып, шайлоо участкаларына ташып, мыйзамсыз добуш бердиртүү) окшош технологияны 400 миң кыргыз шайлоочуларын пайдалануу менен орус бийлиги ишке ашырганы жатканын сүрөттөдө.
Алексей Навальный Россиядагы эң таасирдүү оппозициячылдардын бири жана адатта ал жарыялаган маалыматтар кийин дайыма туура чыгып келатканы менен белгилүү.
Ошондо кайран кыргыздар өздөрү көп жылдардан бери пайдаланып келаткан “Карусель” шайлоо ыкмасын Россияга экспорттоп жатышабы?

https://www.youtube.com/watch?v=DdJAQjG8hTg&t=3s
Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: