Ысык-Көл облусунун жашоочусу Данияр Чыбыев аялы көз жарган төрөт үйүнүн дарыгерлери эгиздин түгөйүн алып коюшу мүмкүн деп шек санап жатат. Башка бир версия боюнча дарыгерлер наристенин бирөөсүн сактап кала алышпай, аны жашырып жатышы ыктымал.
“Келинчегим тогуз айдын ичинде сегиз жолу УЗИде болгон. Бизде балдардын эгиз экендиги тууралуу алты аныктама бар. Андан сырткары жеке УЗИнин эки аныктамасы бар, аны милиция алган”, — дейт Данияр.
Ал ортодо дарыгерлер төрөт маалында Махабат Намазбековага жергиликтүү гана наркоз куюлганын жана төрөп жатканда аял баарын сезип турганын айтты.
“Белинен наркоз бердик. Аял кадимкидей эле сүйлөп жаткан. Операцияда 3 килограмм 250 граммдык бала чыкты. Баягы биз күтүп жаткан эки килограммга жетпеген эгиздерди алган жокмун. Жанымдагы хирург да карады. Анан тонду алып чыктык. Тон чынында чоңураак экен. Бир бала төрөлгөнүн баарыбыз көрдүк”.
Төрөткө катышкан акушер-гинеколог Гүлзат Нарынбекова алар дагы эгиздерди күтүшкөнүн, бирок бала жалгыз эле төрөлгөнүн ырастады.
Учурда бул окуя боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында териштирүү иштери жүрүүдө. Төрөткананын бөлүм башчысы убактылуу жумушунан четтетилди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ