Menu

Мухамметкалый Абулгазиев Ислам Өнүктүрүү Банкынын вице-президенти Саед Ага менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев 10-июль,  дүйшөмбүдө, Ислам Өнүктүрүү Банкынын (ИӨБ) вице-президенти Саед Ага менен жолугушту. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Биринчи  вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Ислам өнүктүрүү Банкына Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдөгү көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Кыргыз Республикасы ИӨБ менен кызматташууга өзгөчө маани берет. Араб координациялык тобунун III тегерек стол жыйынынын алкагындагы жолугушуу  Кыргыз Республикасы менен ИӨБ ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк берет», – деп белгиледи.

Биринчи  вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу айтып берди.  Ошондой эле 2014-жылы Араб координациялык тобунун катышуусундагы тегерек столдо талкууланган бир катар алгылыктуу долбоорлор,  жалпы улуттук «Таза Коом» долбоору жана  жаңыдан иштелип чыккан 2014-жылга чейинки туруктуу өнүгүүнүнүн Улуттук стратегиясын  ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Мухамметкалый Абулгазиев Араб координациялык тоунун мүчөлөрүнө өлкө экономикасынын «локомотиви» боло турган экономиканын түрдүү  тармактарында бир катар долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылык-техникалык кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

«Кыргыз Республикасы Ислам Өнүктүрүү Банкы ортосундагы үч жылдан он жыга чейинки мөөнөткө эсептелген  транспорт, коммуникация, энергетика, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, билим берүү, суу менен камсыздоо  тармактарын камтыган кызматташтык стратегиялык программасын даярдоо боюнча тыгыз  иштешүүгө  даяр», – деп баса белгиледи биринчи вице-премьер-министр.

Ислам Өнүктүрүү Банкынын вице-президенти Саед Ага Кыргыз Республикасы менен каржы институттарын кеңейтүү жана узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: