Menu

Зарылбек Рысалиев, ЖК депутаты: “Батукаев боюнча кимдер камалыш керек экенин да эчак эле ачык айткам”

Бөлүшүү:

– Зарылбек мырза, Батукаевдин иши 6 жыл өткөндөн кийин жанданып, аны айыккыс дартка чалдыккан деп жыйынтык чыгарган врачтар камакка алынды. Маселе кандай чечилет деп ойлойсуз?

– Негизи кандай маселе болбосун анын баары мыйзамдын алкагында чечилиши керек. Азыр маселе көтөрүлсө эле саясат, саясий “заказ” дегенди модага айлантып алдык. Чындык төө бастыга алынып, абийир, намыс деген унутулуп бара жаткандай. Башкача айтканда, кандай маселе болбосун ыгы келсе да, келбесе да саясатка байлаганды өнөр көрүп калдык. Эми баарын саясатка шылтаган уят да. Мыйзамды да эске алышыбыз, мыйзамдын алкагында караганды да унутпашыбыз керек.

– Сизди ушул маселенин алкагында суракка чакырса барасызбы? Анткени кызыл килем менен узаткандардын арасында сиздин да атыңыз аталып жүрөт го…

– Мен бул маселени аягына чыксын, адилеттүүлүк орун алсын дегендердин катарында болгонум үчүн көтөрүп жатам. Ким акчасын алган, ким учурган, ким кызыл килем төшөгөн, ким аэропорттон тосуп алганын эл билиши керек. Болбосо элдин баары имиш-имиштерге ишенип, чыныгы иш кандай болгонун көпчүлүк биле бербейт. Ошон үчүн чындыкка караандабаган түрдүү варианттар эл арасында жайылып жүрөт. Эл чынында иш кандай болгонун, ага кимдер көмөктөшкөнүн билсин деген таризде ушул маселени көтөрүп, укуктук саясий баа берилсин деп жатам. Бул ишти саясатка байлашып отурганы үчүн 6 жылдан бери бүтпөй жатат. Саясатка аралаштырбай күч структураларына бергенде, эбак эле кимдердин тиешеси бар экени айтылып, Батукаевди кимдер чыгарууга кызыкдар болгону ачыкка чыгып, чекит коюлмак. Аны каалабагандар бул ишти өз пайдасына пайдаланыш үчүн, аныгын билип-билбей сүйлөй бергени үчүн түрдүү имиштерге жол ачылып кетти.

– Азыр Батукаевди чыгаруу кимдин тапшырмасы менен ишке ашканын айта аласызбы?

– Мен ушул кезге чейин чындыктын баарын айтып келдим. Ошон үчүн бул маселеге чекит коёлу, аныгына чыгалы деп жатам. Ыгы келген жерден бул ишке тиешелүү адамдардын атын да атагам. Кимдер камалыш керек экенин да ачык айткам. Бул маселе боюнча менден башка бирөө да антип айткан эмес. Чындык төө бастыга алынбасын дегеним үчүн атым аралашса да, бул иштин аягына чыгышы керек деген позицияда турам.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: