Menu

Жанар Акаев, эркин депутат: “Мага кыйын кырдаалда Искендер Матраимов кол сунган”

Бөлүшүү:

– Жанар мырза, 1-май күнү Кара-Сууга Матраимовдор уюштурган иш-чарага өкмөт, Жогорку Кеңештин жоон топ депутаттары барганы чоң сөзгө айланды. Анын ичинде вице-премьер, спикердин сапары калып кетип эле сиздин барганыңыз чоң талкууга алынды. Буга эмне деп жооп берет элеңиз?

– Эми эл өкүлү болгондон кийин коомдун баардык катмарынын сын-пикирин угууга биз даяр болушубуз керек. Эл кээде сындайт, кээде мактайт, сынына чыдап, мактоосун көтөрүшүбүз керек. Депутатсыңбы, чыда дегендей. Мен анча-мынча сынга чөгүп, же мактоого мардайып кетчү жигит эмесмин, саясатта аз убакыт
болсом да, өйдө-ылдый болоруна каныгып келатам. Ал эми Матраимовдор уюштурган иш-чарага мен депутат катары жыл сайын эле барып катышам, анын эмнеси бар экен? Жогорку Кеңештин депутаты, кесиптешибиз Искендер Матраимов жыл сайын эле чакырат, быйыл дагы чакыруусун кабыл алып, ал жерде чогулган миңдеген жарандар менен учурашып, спорттук иш-чарага күбө болуп, согуш ардагерлерин куттуктоо иш-чарасына катышып келдик. Кыргызстаңдагы эң чоң райондун эли менен учурашып, майрамдык иш-чарасына катышууга эмнеге болбосун? Мунун эмнеси кылмыш, же күнөө? Былтыр деле барып катышкам, анда мындай каралоо болгон эмес. Мени кайсы бир саясый тирештин курмандыгы кылгысы келгендер да көп эмеспи.

– Бирок, актангандай болдуңуз го, «ыңгайсыз абалда калдым» деп?..

– Жакшы ниет менен майрамдык иш-чарага барсаң, аны такыр башка нукка буруп жазышса, ыңгайсыз абалда каласың да. Эмне үчүн актанмак элем? Болгону ким чакырганын, кандай максатта барганыбызды жазып койбосом, журңалистгер телефонум жарылганча чалышты. Мен болгону түшүндүрмө берип койдум.

– Искендер Матраимов маалымат сайттарына интервью берип, «Жанар Акаев мен билген саясатчылардын эң тазасы» деп сизди келечектүү лидер катары мактап өттү. Экөөңдүн мамилең жакшыбы?

– Мамилебиз эл катары, башка депутаттардай эле. Адамдык мамиле бир гана бийлик же байлык менен өлчөнбөйт, андан өткөн миң эсе баалуу нерселер бар. Мени КСДП фракциясынан чыгарып жатканда, жабык жыйында «Жанарды фракциядан чыгарып туура эмес кылып жатабыз, өсө турган балдарды минтип куугунтуктаганыбыз туура эмес» деп дал ушул Искендер Матраимов айткан. Мурдагы жылдары мен фракциядан чыгарылып, бийлик менен мамилем кескин начарлап кеткенде, көп коллегаларым мени иш-чарага чакырмак турсун, мени менен чай ичиштен коркуп калышкан. Ошондо да Искендер Матраимов Кара-Суудагы иш-чарага чакырган, депутаттар менен барып келгем. Кыйчалыш кезде кол сунган. Адамдын башында ар кандай нерсе болот, өзгөчө саясатчыларда, бирок, ошол кыйын кырдаалдагы адамдык мамиле бул абдан маанилүү.

– Мындан аркы пландар кандай? «Алдыдагы шайлоолорго даярдык көрүп жатыптыр» деп уктук?

– Ак ниеттик менен элибизге кызматыбызды кыла беребиз. Жалганчы өмүр бою калп айтып келип, бир күн чындыкты айтып койсо, баатырга айланат экен. А биз өмүр бою чындыкты айтып келатабыз, дагы да айта беребиз, бирок, «ушул жолунан тайса, бир мүдүрүлсө» деген адамдар өтө көбөйгөнүнө таң калдым. Жанымда эле жүрүп, анан бир кыйшайсаң эле «жыга чабалы» дегендер да жок эмес экен. Бир сүрөт менен мени желмогузга айлантуу аракети, албетте, ишке ашпайт, биз саясатка мындан да оор, катуу күрөштөргө даяр болуп аттанганбыз. Ниетибиз ак болсо, кызматыбыз ак болсо, бизге кир жугушу абдан кыйын. Ал эми шайлоо, жаңы партия тууралуу пландарды сиздердин гезиттин эмки сандарында кенен бөлүшөйүн.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: