Жаңы жылдын алдында Орусиянын президенти Владимир Путин оор ооруга чалдыккан бала Арслан Каипкуловдун кыялын орундатты. Бул тууралуу маалыматты РИА Новости сайты жарыялады.
Маалыматка ылайык, бала президенттин самолету жөнүндө ролик тартууну кыялданып келген. Арсланга президенттик “Ил-96-300” учагынын бортунда экскурсия уюштурушуп, ал президент белекке берген камера менен самолеттун ичин тартуу мүмкүнчүлүгүн алды. Президент мындан тышкары ага жаңы жылдык Москваны кыдырып чыгуу сунушун берип, Арсландын апасынан моюн орогуч белекке алды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ