Menu

Чүй облустук сотуна дайындалган алты  судья ант беришти

Бөлүшүү:

Бүгүн  2018-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку  сотунун төрайымы Айнаш  Токбаев жана Жогорку соттун   судьяларынын катышуусунда Президентинин 2018-жылдын  1-февралындагы   № 12-Жарлыгы  менен КР жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жана Президенттин № 13- Жарлыгы менен  судьянын  ыйгарым укуктарын  жүргүзүү  үчүн Чүй облустук сотуна  Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү  сотторунун  судьялары  Азамат Джумагулов, Кыдык Джунушпаев, Гульназ Кадырова, Дамирбек Онолбеков, Улан Садырбеков жана Асель Чекирова  салтанаттуу  ант  беришти.  Бул туралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү  болгондой, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын  статусу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Конституциялык  Мыйзамынын 5-беренесине  ылайык, Кыргыз  Республикасынын дайындалган  судьялары ыйгарым укуктарын  жүзөгө ашырышы  ант  берген  күндөн  тартып башталат.

Салтанаттуу  жыйында Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунун  төрайымы Айнаш Токбаева  судьялык кызматка  кайрадан  киришип жатышкан  судьяларды  куттуктап ийгиликтерди  калаады.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Чүй облустук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоого  8 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.

2018-жылдын 26-январында Мамлекет башчысы талапкерлер менен аңгемелешүү өткөргөн болчу. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын  Президенти  Чүй облустук сотунун судьясынын кызмат ордуна 6 талапкер боюнча аталган  Кеңештин сунушуна макул болду.

Талапкерлер тууралуу  түрдүү  мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы жогоруда аталган соттун судьялыгына 2 талапкер боюнча  материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: