Menu

Түркмөн президентинин уулу Мирас аттуу тулпар менен сейилдеди

Бөлүшүү:

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердар менен Ашхабаддагы Ахалтекин жылкы чарбасында болду. Түркмөн президенти Гуджурлы (Күчтүү), баласы Мирас аттуу тулпар менен сейилдешти.

Түркмөн ММКлары маалымдагандай, ата-бала жалпы улуттук саламаттыкты чыңдоо жана спорттогу жетишкендиктер туурасында пикир алышты.

2017-жылы түркмөн президенти Мирас күлүгү менен ат чабышка катышып, баш байгени жеңип алган. Ал сыйлыкты жылкычыларга берген. Мирас тулпарын жарышка мамлекет башчынын небереси Керимгулы Бердымухамедов дайындаганы маалымдалган.

Гурбангулы Бердымухамедов дайыма ат менен сейилге чыгат, айрым учурда аны үй-бүлө мүчөлөрү коштойт. Былтыр ал уулу Сердар жана небереси Неримгулы менен веложарыш өткөргөн.

Акыркы жылдары Сердар Бердымухамедов коомдук-саясий иштерге активдүү катышууда. Ал президент атасынын мураскери болууга даярданууда деген божомолдор айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: