Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 22 кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алышты. ПЧР-анализи инфекцияны тастыктады, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.
Алардын айтымында, бейтаптардын бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө. Азыр ПЧР-анализдери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринен жана алардын туугандарынан алынды.
Белгилей кетсек, бүгүн, 22-июнда Кыргызстанда дагы 205 адамдан коронавирус илдети табылды. Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 3356га жетти. Коронавирус илдетинен айыккандардын жалпы саны 2021. Ал эми каза болгондордун саны 40.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ