Кыргызстанда айымдарга ар дайым көңүл бөлүп келген “Кыргазстан Аялдар конгресси” бар. Кыргызстан Аялдар конгресси 1993-жылы түзүлгөн. Аялдар конгресси аялдарга коомдук, саясий, экономикалык, социалдык жактан жана маданий чөйрөдө да көмөк көрсөтө алган уюм болуп эсептелет. Ушул 23 жылдын ичинде 61 проект иш-жүзүнө ашырылды. Конгресстин филиалдары 7 облуста, 42 райондук жана шаардык аймактарында, 59 айыл өкмөтүндө бар. Аялдардын абалын жакшыртуу жаатында Аялдар конгресси абдан зор үлүш кошо алды, себеби конгресс каражат жактан көз каранды эмес жана конгресстин мүчөлөрү дасыккан адистер болгондуктан, Улуттук программаларды жүзөгө ашырууда чоң салым кошо алды. Конгресстин жардамы менен аялдар арасында бизнес ишкерлери пайда болду, анткени аларга бизнести ачуу үчүн финансылык сабаттуулукка, кредит алуу мүмкүнчүлүгүнө, лидерлик сапатты ачууга, пикир алмашуу технологиясына окутуу жүргүзүлдү. Мына ушундай иштерди ийгиликтүү ишке ашырган Аялдар конгресси бүгүн 28-февралда Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын чоң залында айымдардын эл аралык күнүнө карата апаларыбызга, эже-карындаштарыбызга жакшы майрам тартуулоо максатында чоң концерт уюштурганы жатат. Концертге Эл артисти Бакыт Тилегенов жетекчилик кылган элдик инструменталдык оркестр, эмгек сиңирген ырчылар – Үмүт Тилегенова, Юлия Руцкая, Гүлжигит Калыков, Нурайым Азыкбаева, “Акак” комузчулар ансамбли, “Шаттык” бий ансамбли коштоп, концерттан шаңына-шаң кошот. Андан тышкары айымдарды бизнес, социалдык өнүктүрүү, билим, медицина тармагында жетишкендиктери үчүн Аялдар конгресси алтын медалдар менен сыйламакчы. Ар дайым айымдарга көңүл бурган Аялдар конгрессине ийгилик каалап кетмекчибиз.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ