Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабадга атайын сапары менен келген БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мунду кабыл алды. Уюмдун жаңы имаратын ачууга арналган салтанатка Түркмөнстандагы эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жана чет өлкөлүк ММКлар катышты.
Президент Бердымухамедов Түркмөнстан менен БУУнун ортосундагы кызматташуунун жаңы этабын ачкан бул окуяны тарыхый жактан маанилүү деп атады. Ал өлкө дүйнөлүк дипломатиянын бөтөнчө бир аянтчасы болгон БУУ сыяктуу уюмдар менен кызматташууга умтулуп жатканын баса белгиледи.
БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун көп өлкөлөрдө болгонун, ар биринде БУУнун имараттары бири биринен айырмаланып турарын, бирок бул өкүлчүлүк “ак сарайга” окшош экенин билдирди. “Бул өтө элеганттуу, өтө кооз имарат экен, дагы бир жолу сизге ыраазычылык билдирем, урматтуу президент ”,-деди башкы катчы. Мындан тышкары ал бул БУУнун эң үлгүлүү имараты болуп каларын баса белгиледи.
Салтанаттын соңунда президент Бердымухамедов БУУнун өкүлчүлүгүнө жогорку класстагы автоунаанын ачкычын тапшырды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ