Menu

Үч саясатчынын сотко даттанганы – Атамбаевди “тирилтип” саясий араздашууну ырбатты

Бөлүшүү:

Атамбаев бийликте отурган кезинде «кыңк» дей алышпай, түштөн кийин Бекназаров, Дүйшөбаев жана Келдибеков арданып чыгышты. Сотко даттанышты. Себеби, Атамбаев интервьюсунда Бекназаровду кузгунга салыштырса, Дүйшөбаевди тамеки, пирожкиге акча сурап жүргөнүн айткан, Келдибековду болсо мамлекеттик кызматтардан байыганын, коррупцияга айыпталганын «балп» эткизген. Эми эл деле билет да, кимдин ким экенин…

Бул үчөө Атамбаевден өч алуу менен бийликке жагынууну ойлоп жүрүшөбү? Терең жаңылышуу эй! «Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап» дейт. Убагында үндөй алышпай, натыйжада, экс-президентке «Апрель» телеканалын кошуу менен соттошуп жатышканы – коомго тескери маанай жаратышып, бийликке көлөкө түшүргөндөй элес калтырышууда. Мындай шартта Атамбаев мүңкүрөп калбайт. Иш жүзүндө Бекназаров, Дүйшөбаев, Келдибеков оппозицияга өткөн экс-президентти чыйралтып, анын күчөп кетишине жол салып беришкендей. Отко май тамызгандай болушууда. Элибиз башынан жабыркап турган адамга жан тартышары, бийликке таянып алгандарды жектешери жалганбы? Кошоматылыктын чеги болбойбу?..

Коомдогу чыр-чатактар, саясый араздашуулар бийликтин ишине, деги эле алдыга карай өнүгүүгө кедергисин тийгизери калетсиз. Буулугуп турган арстанды чукулагандай саясый оюндун кереги бар беле? Ансыз да башка көйгөйлөр арбып турганда, береги үчөөнүн соттошкону канчалык маанилүү? Айтмакчы, Октябрь райондук соту Бекназаровдун, Дүйшөбаевдин, Келдибековдун кадыр-барктарын 100 миң сомдон баалаганы кандай? Түшүнүктү-үү… Мындан ары президенттик аппаратка деле булардын «согушуусу» маанилүү болбосо керек. Тескерисинче, Атамбаевди кайрадан «тирилтип» атышса, сөз эркиндигине шек келтиришсе, бийликке ушинтип жардам беришеби? Акүйдүн таасирдүү билерманы «баткагыңарды чачыратпай, чүкөңөрдү алыс ойногула» деп айта турган күн да жакындап калды го?..

Баргы Кусейинов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 98

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: