Menu

Роспотребнадзордон келген делегация кыргызстандык дарыгерлерге консультация өткөрөт

Бөлүшүү:

Роспотребнадзордон келген делегация КР эпидемиологдору, инфекционисттери, вирусологдору жана реаниматологдору менен консультацияларды өткөрөт.  Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, кечээ күнү Россиянын жооптуу кызматкерлеринен турган делегациясы Кыргызстанга келген. Делегацияны Роспотребнадзордун жетекчисинин орун басары Вячеслав Смоленский жетектейт.

“Бул делегациянын келиши биздин президент Сооронбай Шарипович Жээнбековдун РФнын президенти менен болгон акыркы сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасы” – деп билдирди премьер-министр.

“Биз үчүн бул делегациянын келиши чоң жардам. Себеби коронавирус менен күрөшүүдөгү Россиянын тажрыйбасы бизге маанилүү. Бул делегация менен коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү кызматташуу маселеси сүйлөшүлөт” – деп кошумчалады премьер-министр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: