Түркмөн бийлиги май айында чет өлкөгө иш издеп кеткен жарандарын кайтаруу үчүн кошумча чараларды кабыл алат. Ага ылайык, мигранттардын балдарынын укуктарын чектөө каралууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы өз булагына таянып билдирди.
Түркмөнстандын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигиндеги булак кабарлагандай, чет өлкөдө төрөлгөн балдарга 18 жашка чыкканга чейин Түркмөнстан жарандыгы берилбейт. “Мындан улам балдарына жарандык алууну каалагандар мекенине кайтып келиши керек болот. Чет өлкөлүккө турмушка чыккан аялдар болсо балдарын өз наамына каттатышы зарыл”,-деди министрликтеги өз булак.
Бул арада көптөн бери Түркмөнстанга келбей жүргөн мигранттардын балдары социалдык жеңилдиктерден ажыратылары айтылууда. Маселен, аларга акысыз медициналык тейлөө көрсөтүлбөйт, жөлөк пул төлөнбөйт. Бала бакча наркы 2-3 эсе жогору болот. Мигранттардын балдары жеке гимназияларда гана окуй алышат.
Буга чейин Түркмөнстанда отузга толо элек эркектер чет өлкөгө чыгарылбай турганы кабарланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ