Menu

Ормон Шаршенов: Темир Сариев калмак эмес, бир атадан тарап, бир айылдан болбосок дагы, санжырадан билем

Бөлүшүү:

Адатка айлангандай, президенттик жарыш көңүлдү жийиркенткен “кара пиар” менен да коштолууда. Тээ ала жазда эле президенттикке талапкерлердин бири Темир Сариев улам тегерек үстөлдөрдү уюштуруп, “бул шайлоо программа- платформалардын жарышы болсун, жугунду куйганды токтотолу”,- деп бекеринен күйбөптүр. Азыртан эле, талапкер жылдыруу чаралары бүтөлек жатып, жугунду куймай өнөкөтү абдан күч алды…

Учурда президенттикке талапкерлерди жети атасынан бери сүрүштүрүп, жыйынтыгында аларда башка улуттун каны кайнап жатканын башкы компромат кылып алып чыгып жаткандар пайда болду. Албетте, бул айла жоктуктан келип чыккан оокат. Жамандалып жаткан адамга карата башка жарытылуу компромат таба албай калышкандан улам минтип, чындыкка такыр төп келбеген “мифтерди” жайылтып жатышпайбы…

Дээрлик бир айдан бери мисалы Темир Сариевди “калмак” кылып көрсөткөн ушак аралап жүрөт. Буга байланыштуу маселенин чоо-жайын билиш үчүн биз Чүйдүн кадыр-барктуу аксакалдарынын бири, коомдук ишмер Ормон Шаршеновго кайрылдык. “Темир Аргенбаевичтин уруусун, жети атасын иликтеп, кайдан келип, кайда турганын шайлоо жакындаган сайын улам күчөтүшүп, эл арасында ар кандай пикир жаратышып, терс мамиле пайда кылууга аракеттер болуп атат. Чындаса, Темир Аргенбаевичтин жети эмес, он-он беш атасына чейин айтып берүүгө кудурет жетет. Мисалы, жакынкы 300 жылды эле алганда, бабасы – Долонбий. Долонбийден Акуул, Куул, Наалы болуп үчөө таралат. Тагай бий, Тагай бийден Догорстон, Догорстондон Эштек, Эшектин баласы Солто, Солтодон Чаабатыр. Чаабатырдын баласы Жоочалыш. Бул кадимки Жоочалыш деп айтсак, балким, айрымдар билбей калышы мүмкүн. Бирок, Бишкек баатырды баары билишет. Бишкек батыр Жоочалыштын уулдары Кенен жана Белектен тараган урпагы. Кененден Темир төрөлгөн, Темирдин уулу Болотата. Болотатанын он бир баласы болгон, анын бири Арбос, Арбостон Назар, Назардан Сары, Сарыдан Аргымбай, а Аргымбайдан Темир. Биз Темир Аргенбаевич менен бир атадан тарап, бир айылдан болбосок дагы, санжырага сереп салып, тарыхты кубалап окуп билгендиктен ата-тегин сурап  калдыңар, айтып бердим”,- деди ал.

Көрүнүп тургандай, Т.Сариевди калмак атоого эч кандай негиз жок. Калпты ышкыртсаңар да бир аз окшоштуруп койсоңор боло, катыгүн…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: