Кошмо Штаттар шейшембиде ракетага каршы THAAD коргонуу системасын сыноодон өткөрдү. Мүнөздөмөсү боюнча Түндүк Кореянын орто аралыктагы баллистикалык ракетасын элестеткен Альяскадан учурулган ракета Тынч океандын үстүндө атылып түшүрүлдү.
Муну менен АКШ орто аралыктагы ракеталарды токтотуу боюнча THAAD системасынын натыйжалуулугун алгачкы жолу текшерүүдөн өткөрдү.
Бул сыноолор Түндүк Кореянын жакында эле континенттер аралык баллистикалык ракеталарды учургандыгынын фонунда чоң аскердик жана дипломатиялык резонанска ээ болду.
Ал ортодо АКШ БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнө Пхеньянга карата киргизилген санкцияларды кеңейтүүнү сунуштаган жаңы резолюция долбоорун жөнөттү. Анда Түндүк Кореянын валюталык маанилүү киреше каналдарын тосуу, ошондой эле өлкөнүн куралдуу күчтөрү менен өнөр жай комплекстерине күйүүчү май жеткирүүнү чектөө чаралары сунушталган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ