КСДПнын жаштар канатынын жетекчиси Ренат Самудинов КСДПнын президенттикке бирдиктүү талапкерин праймериз жолу менен тандап алууну талап кылууда.
Ошондой эле Ренат Самудинов Россиянын жараны Алексей Василивецский КСДПны башкаруу процессине катышып жатканына, жаштарды чакырып алып тапшырма берерине, партиянын идеологиясын иштеп чыгууга катышарына кыжыры кайнайт. “Эмне үчүн чет өлкөнүн жараны бизди башкарууга катышат? Ал ким? Мыйзам боюнча чет өлкөнүн жараны Кыргызстандын партияларына мүчө да боло албайт…” деп суроо салат Самудинов.
Видео: NEXT TV
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ