Алматы – Ташкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобуска ок атылып, шектүү катары Түркстан облусунун бир нече тургуну кармалды.
Шымкенттин полиция департаменти билдиргендей, 5-ноябрда Түркстан облусунун бир нече тургуну унаа менен баратып автобусту аткылашкан.
Кармалгандарга каршы «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда аларга карата сотко чейинки тергөө иштери башталды.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ