Бүгүнкү күндө «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК жалпы 1,7 млрд сом суммасында 1410 ипотекалык насыя берди. Бул тууралуу «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ачык акционердик коомунун башкармалык төргасы Бактыбек Шамкеев бүгүн, 12-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2015-2020 Жеткиликтүү турак-жай» программасын ишке ашыруу маселеси боюнча өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди. Бул туралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.
«Республика боюнча берилген ипотекалык насыялардын санынын ичинен 13% «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК тийиштүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2015-2020 Жеткиликтүү турак-жай» программасы боюнча насыя алгандардын көпчүлүгү бул- билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери. Мындан тышкары ипотекалык программа боюнча турак-жай сатып алгандардардын көпчүлүк бөлүгүн бюджеттик мекемелердин анын ичинде маданият ишмерлери, социалдык камсыздоо жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери түзөт.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2015-2020 Жеткиликтүү турак-жай» программасына катышуу үчүн жашаган жери боюнча арыздарды кабыл алуу улантылууда», – деп белгиледи ал.
«Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК башкармалык төрагасы Бактыбек Шамкеев маалымдагандай, азыркы учурда рынок талап кылган жаңы үч продукцияны ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
«Биринчи долбоор – бул жарандардын турак-жай шарттарын жакшыртуу үчүн ипотеканын жардамы менен коммуналдык же жалпы типтеги өздүк бөлмөсүнөн турган толук кандуу батирди сатып алуусун камсыз кылуу. Экинчи долбоор- турак-жайды ижарага алуу менен кийин батирди сатып алуу. Үчүнчү долбоор – бул төлөм топтоо ипотекасы, мында жарандар ипотекалык насыя алууда алгачкы төлөмдөр үчүн каражаты жок жарандар, атайын эсептеги каражаттардын эсебинен ала алышат. Бул келечекте турак-жайды жеңилдетилген шартта алууга мүмкүнчүлүк түзөт», – деп билдирди «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК башкармалык төрагасы Бактыбек Шамкеев.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК Бишкек жаан Ош шаарларында, облус борборлорунда жана республиканын башка шаарларында эконом-класстагы турак-жайларды куруу боюнча бир нече ирет тендер өткөрдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ