Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» долбоору менен биргеликте 2017-жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьяларынын катышуусу менен 2017-жылдын 15-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо маселелери боюнча семинар өткөрүүдө. Бул туралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.
Семинардын лектору Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Калиева Г.У.
Иш чара сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окуу залында өткөрүлүп, анын ишине Кыргыз Республикасынын 11 судьясы: Жогорку соттун 5 судьясы жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 6 судьясы катышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ