https://www.youtube.com/watch?v=S_WdzCE6v28
Ташкенттин тургундары «Азаттыктын» өзбек кызматына улгайган адамдын кыймылдай албай көчөдө жаткандыгы тартылган тасманы жөнөтүшкөн. Видеонун авторунун айтымында, ал адам соо болгон жана жүрөгү кармап жыгылган. Окуя жакында эле Ташкенттеги №4 шаардык клиникалык оорукананын алдында болгон.
Күбөлөрдүн айтымында, көчөдөн өткөн адамдар оорукана кызматкерлерине кайрылып, сыртта жаткан адамга медициналык жардам көрсөтүп коюуларын өтүнүшкөн. Бирок алар тез жардам чакыруу керектигин айтып чыкпай коюшкан.
– Ооруканадан бир дагы кызматкер чыккан жок. Мен бул видеону жарыялашым керек болду, антпесем адамгерчиликке жатпай калмак, – деди тасманын автору.
Күбөлөр билдиришкендей, жыйынтыгында 25 мүнөт өткөндөн кийин барган тез жардам кызматкерлери ал кишини дарыгерлери чыкпай койгон №4 шаардык клиникалык оорукананын короосуна алып кирип кетишкен.
Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ