Ильзат Ахмедов 1997-жылы 31-декабрда Бишкек шаарында туулган. Ильзаттын футбол дүйнөсүнө кирүүсүнө атасы себепкер болот. Кичине кезинде эле аны борборубуздагы кут арткан, дөөлөтү бар «Алга» клубуна алып барган. Ошентип, ал алгач машыгууга катыша баштаганда эле зиректиги байкалып, республикабыздын балдар арасындагы курама командасында ойноп, 11 жашында Россиянын Тольяти шаарындагы мелдешке барып калат. Ал жерден Россиялык машыктыруучулардын назарына илинип, алар анын футболго болгон жөндөмүн байкап, Ильзатты Юрий Коноплев атындагы футболдук Академияда калуусун билдиришет. Ата-энеси да макул болот. Ошентип, чоң футболго болгон Ильзаттын келечеги ошол жерде калыптана баштайт. Ал азыр чабуулчунун позициясындагы жарым коргоочу. Футбол боюнча Дүйнө чемпиону, Бразилиялык Каканы кумир тутат. Буга чейин Казандын «Рубин» клубунда ойноп келсе, үстүбүздөгү жылдан тарта ЦСКА футболдук клубунда ойнойт. Чет элдик спорт басылмаларындагы маалыматтарга таянсак ага Италиянын “Рома” футболдук клубу жана ошондой эле Англиянын “Арсенал” клубдары кызыгууда экени айтылууда. Буга себеп, Чемпиондор лигасынын топтук баскычтагы ЦСКА менен «Рома» командасынын беттешүүсүндө жана “Зенит” менен болгон оюндарында Ильзаттын чеберчилиги Европалыктардын кызыгуусун жаратканы айтылат. (Ал эми Ильзат Ахметовдун ЦСКА менен болгон келишими 2022 –жылга чейин түзүлгөн.)
Айтмакчы, сүйүндүрө турган нерсе, ошо Европалык футбол адистеринин айтымында Ильзат дагы да мыкты машыгууларды өткөрсө, 2020-жылдагы Европа чемпионатында болбосо да, 2024-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатында ойноп, мыкты көрсөткүчтөрдү жаратышы толук ыктымал экендиктерин кыйытышууда. Болсун! Анда эле биз, бүтүндөй Ала-Тоо Түштүк Кореялык, учурда Улуу Британиянын «Тоттенхем Хотспур» футболдук клубунун ишенимдүү чабуулчусу аталган Сон Хын Мин менен жер жүзүндөгү жалпы корей улуту кандай сыймыктанса, алардан ашса ашып, алды кем калбаган кубанычка бөлөнөөр элек! Алга, Ильзат, алга! Жаратканыбыз, анан бейиштин төрүндөй болгон Кыргызстаныңдын касиети колдосун сени!
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ