14-июлдагы патрулдук милициянын рейдинин жүрүшүндө Каныбек Кулматов аттуу айдоочуга администртивдик протокол түзүлүп, анын машинеси Кемин районунун айып унаа туругуна алып барылган.
Патрулдук милиция кызматкерлеринин профилактикалык иш чаралары учурунда Токмок шаарынын аймагындагы өтмө жолдон баштан-аяк күңүрттөлгөн Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаа ылдамдыкты көбөйткөндүгү үчүн токтотулган.
Айдоочу болсо, патрулдук милицияга моюн бербей кетип калган, аны мажбурлоо аркылуу Кемин шаарынан токтотушкан.
Жыйынтыгында унаа айып унаа турукка киргизилди, ал эми айдоочуга болсо ылдамдыкты көбөйткөндүгү, баш ийбегендиги жана унааны күңүрттөгөнү үчүн администртивдик протокол түзүлдү.
Каныбек Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун жана анын биринчи аялы Наталья Кулматовнын уулу. Наталья Кулматова учурда Бишкек шаардык кеңешинде депутат.
https://youtu.be/LRvc7NOtHEU
https://youtu.be/usWIBtSepio
svodka сайтынан кыргызчаланды
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ