Menu

Бюджетниктер Бабановго чуркай башташтыбы?

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоо жакындагандан тарта борбордон баштап аймактарга чейин саясий активдешүү башталды. Дымагы бары дагы жогу дагы президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыздарын тапшырып жатышат. Бирок баары буйруктан болот дечи, ошентсе да эл аралык саясий аналитиктердин сурамжылоолорунун жыйынтыгына ылайык элдин үмүтү жаш лидер Бабановдо экендигин маалымат каражаттары айтып чыгышкан. Жаз мезгилиндеги сурамжылоого катышкандардын 80% Бабановго ишеним беришкен эле.

Андан бери көптөгөн бизнес өкүлдөрү, экс-премьерлер, экс-министрлер баш болуп, жаштардан чыккан илинчектүүлөр төш болуп Бабановдун тегерегин айлана башташканы жөнүндө айтканыбыз далилденип Бабановдун курултайында сөз талашып сүйлөп чыгышты.

Учурдагы маалыматтарыбыз боюнча кийинки кезекте кээ бир саясий лидерлер менен үлкөн жана орто чиновниктер Ак үйдүн айткандарына манул деп баш ийкемиш болуп, Бабановдун арыгын чаап башташыптыр. Укканыбызга караганда көптөрү креслолорун сактап калуу үчүн жең ичинен кызматташууга өтүшүптүр. Кантсе да алар алды жакты көрө билген жагынан Ош базардагы көзү ачыктардан кем калышпайт окшойт. Ошондуктан көп жылдардан бери жылуу орундарын беришпей келишет да.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: