Menu

Жээнбеков президент болул калса, агасы кызматынан, үкасы мандатынан кол жууйт

Бөлүшүү:

Бийлик тараптан аламанга аттанган негизги фаворит Сооронбай Жээнбековго карата оппоненттери тарабынан анын бир туугандарына ыксыз асылуу жараяндары күчөдү. Маселен, «Сооронбай Жээнбековдун бир туугандары көп, ал президент болсо үкасы Асылбек экинчи Жаныш Бакиевдин образын жаратып, «серый кардиналдыкты» аткарат, булар Бакиевдерден ашса ашат, алды кем калбайт» деген тейдеги жарлыктарды эмитен ойлоп чыгарышууда. КСДПнын борбордук штабындагы өздүк булактарыбыздан алынган маалыматтарга караганда, эгер Сооронбай Жээнбеков жарышта жеңишти камсыз кылса, учурдун темасына айланып жаткан Асылбек Жээнбеков дароо мандатынан баш тартып, ага удаа саясаттан кетүү боюнча коомчулукка кайрылуу менен чыгууну максат кылгандыгы, берки элчи акеси Жусупбек Шарипов да кызматын тапшырып, үкасынын доорунда эч бир кызматка жармашпашты максат кылып жаткандарынан кабардар болдук. Албетге, намаз окуп, ыйман жолунда жүргөн, башкысы токпейил үй-бүлөдөн чыгышкан тектүү жердин кулундары Бакиевдерчилик жолго түшүшпөсө керек. Бакиевдердин бийликтин төрүнө чыгып, «ушатып кеткен» жүрүштөрү көпчүлүккө эле сабак болду го?

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: