Бүгүн, 15-июлда КСДП партиясынын мүчөсү Ренат Самудинов журналисттерге Т. Сатылганов атындагы филармонияда өтүп жаткан КСДПнын 16-съездине киргизбей жатышканын билдирди.
Анын айтымында съезддин делегаттарынын тизмесинде аты жок болгондугу үчүн кирүүгө мүмкүн эмес дешкен.
“Бирок, мен Октябрь районунун жана шаардык конференциядан делегат катары чыгарылгам. Чоң съездге киргизбегенге кимдин акысы бар?”- дейт Самудинов.
Учурда ал филармониянын алдында турат.
https://www.facebook.com/renat.samudinov/posts/1534689603218822
Мурдараак Ренат Самудинов ММКларга президенттикке кандидатты саясий кеңештин же бир кишинин айтканы менен чыгарууга болбойт, аны праймериз методу менен көрсөтүү керек деп билдирүү жасаган. Анын айтымында Сооронбай Жээнбеков гана эмес, Чыныбай Турсунбековду да, КСДПнын мурунку мүчөсү Сагынбек Абдрахмановду да көрсөтүшсө болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ