Menu

Тажикстандын 2600дөн ашуун жараны Түркиянын “кара тизмесине” киргизилди

Бөлүшүү:

Тажикстандын 2600дөн ашуун жараны мындан ары Түркияга бара албайт. Түркия ИИМинин 14-июлда ИМ тобу менен күрөшүү боюнча жарыялаган баяндамасына ылайык, бул кишилер террордук уюм менен байланышы бар деп шектелүүдө. Мындан улам түрк бийлиги чет өлкөлүктөрдүн Сирия жана Ирактагы согуш аймактарына Түркия аркылуу өтүү аракетинен кооптонууда.

Түркиянын миграция кызматы быйыл 16-июнга карата түрк-сирия чек арасынан 308 тажикстандык жаранды кармап депортациялаган. Маалыматтарга караганда, алардын баары экстремисттик топторго кошулууга аракет жасашкан.

“Кара тизмеге” жалпысынан 146 өлкөнүн 54 миңдей жараны киргизилген. Борбор Азиядан бул тизмеге илингендердин көбү тажикстандыктар – 2651 киши, казакстандыктар – 1914. Орусия жарандары 4128 кишини түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: