Баткенден Ысык-Көлгө эс алууга бара жакан мугалимдер автокырсыкка учурашты. Баткен районунун Кайыңды айылындагы Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин директору Шааркан Тургунованын айтымында, 30-июнда 20 мугалим 4-5 унаа жалдап, Ысык-Көлгө сапарга чыгышкан. Түндөп жол жүрүп келе жаткан учурда Токтогул районунан унаалардын бири кырсыкка учурап, жолдогу темир тосмого урунган. Анын кесепетинен 4 мугалим катуу жаракат алып, Токтогул районунун Үч-Терек ооруканасына кайрылышкан.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ