2017-жылдын 14-июнунда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна ылайык, “2017-жылдын 15-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда коопсуздук чараларды көрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Исраиловдун буйругу чыккан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Жогоруда көрсөтүлгөн буйрукка ылайык, шайлоо комиссиясына жардам берүү максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Өмүрзаков Сүйүн башында турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруу боюнча штаб түзүлдү. Штабка ИИМдин башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирип, өлкө ичинде ички иштер органынын аймактык бөлүмдөрү түзүлө баштады.
Штабдын ишмердүүлүгүнө Кыргыз Республикасынын Президенттин шайлоо маалында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык көзөмөлдөнөт.
Шайлоону өткөрүүгө тоскоолдук кылган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Кыргыз Республикасынын ИИМи шайлоо убагында уюшкан кылмыштуулук чөйрөсүнө, эл көп чогулган жайларда жана шайлоо аймактарында өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоого багытталган ыкчам-алдын алуу чарасын көрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ